"Кумтɵр Голд Компанинин" кызматкерлери ɵнɵктɵштɵрү менен бирге Тоӊ районунун көл жээктерин тазалашты

Ɵткɵн дем алыш күндɵрү компаниянын 20 кызматкери жергиликтүү бийликтердин, жаштар уюмдарынын ɵкүлдɵрү жана "Жашыл билик" коомдук фонду менен бирге Тоӊ районундагы үч кумдуу жээкти таштандыдан тазалашып, "Жашыл чекит" долбоорунун алкагында Тоӊ айылында экопляж орнотушту.

Иш-чаранын алкагында 200 килограмм айнек, 512 килограмм желим, 47 килограмм кагаз, металл жана 693 килограмм тамак-аш калдыктары чогултулду. Бардык калдыктар Кажы-Сайдагы кайталануучу сырьёну кабыл алуу пунктуна тапшырылды. Ал ɵткɵн айда "Кумтɵр Голд Компани" каржылаган "Жашыл чекит" долбоорунун алкагында ачылган. Тоӊ айылындагы көл жээгине 5 шезлонг, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн 9 бак жана отургуч орнотулган. Бардык объектилер жыгач жана металл калдыктарынан жасалган. План боюнча буюмдардын ушундай эле кɵлɵмү көл жээгине жакынкы убакыт аралыгында орнотулат. Дагы бир экопляж Жети-Ɵгүз районунун Барскоон айылында курулмакчы.

Долбоордун алкагында Ысык-Кɵлдүн түштүк жана түндүк жээктеринде кайталануучу сырьёну кабыл алуучу алты пункт ачылган. Бардык каалоочулар калдыктардын үч түрүн кайра иштетүүгɵ тапшырып, ал үчүн акча алышат жана аны менен курчап турган чɵйрɵнүн сакталышына салым кошо алышат.

Кызматкерлер жана көл жээгинде эс алып жаткан активисттер менен ыктыярчылар Тоӊ айылындагы жана Кажы-Сай айылындагы эки кумдуу жээкти тазалашты.

Кажы-Сайда эс алуучулар арасында ар кандай сынактар жана концерт уюштурулду. Бардык активдүү катышуучуларды сыйлашты жана эстелик байгелер, белектер тапшырылды. Балдар кɵбүрɵɵк активдүү катышты жана "Кумтɵрдɵн" татыктуу белектерди – стол оюндарын жана китептерди, чоӊдор блокнот, экосумка, кружка, футболка, брелок жана свитерлерди алышты.

"Биз үчүн калдыктарды бɵлүп чогултуу жана курчап турган чɵйрɵгɵ аяр мамиле маданиятын калыптандыруу ɵтɵ маанилүү. Буга окшогон акциянын алкагында биз калдыктарды бɵлүү реалдуу жана ɵтɵ зарылдыгын кɵрсɵткүбүз келет. Атүгүл пляждан чогултулган калдыктардын кɵлɵмүн кɵрүү менен эс алуучулар жоопкер болуп калышат жана жээкти булгашпайт деп үмүттɵнɵбүз", - деп белгиледи "Жашыл чекит" долбоорунун координатору Дмитрий Андреев.

"Биз компаниянын экологиялык долбооруна катышууга жана ɵз аракеттерибиз менен пляждарда эс алып жатышкандарга үлгү болгонубузга кубанычтабыз. Эс алып жаткандардын кайдыгер калбаганы жана акцияга кошулганы кубандырат, ɵз салымын кошкон жана чын дилден бизге жардам берген балдарды кɵрүү ɵзгɵчɵ жагымдуу", - деп белгиледи "Кумтɵр Голд Компанинин" кызматкери Гүлбара Жумагулова.

Маалымат үчүн: "Жашыл чекит" долбоору "жашыл экономиканы" алдыга жылдырууга жана катуу тиричилик калдыктарын бɵлүп чогултууну жайылтууга багытталган. Кенен маалымат бул жакта: http://www.super.kg/kabar/news/154067/

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан