Рио-де-Жанейродо Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз мушкери Эркин Адылбек уулу (81 килограммдык салмакта) колумбиялык атаандашына утулуп, медаль утуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Беттеш 3:0 эсебинде колумбиялык Хуан Карлостун пайдасына аяктады. Ал эми оор атлетика боюнча жарышка түшкөн мекендешибиз Жаңыл Океева 10-орунду алып калды. Мелдешке 12 оор атлетчи катышкан эле. Ушуну менен кыргыз командасынан 3 спортчунун байге утуу мүмкүнчүлүгү жокко чыкты, кечээ дзюдочу Отар Бестаев атаандашына утулуп калган.
Белгилей кетсек, өлкөбүздүн атынан жалпы 19 спортчу Олимпиада оюндарына жөнөп кеткен.