Баткен. Баткен районунда сарык оорусуна чалдыккандар 5 эсеге жогорулады

2012-жылы Баткен району боюнча сарык оорусу менен ооруган 305 адам катталган. Бул көрсөткүч 2011-жылга салыштырмалуу 5 эсеге жогору. Оорулуулар район боюнча эң көп Кызыл-Жол кварталынан катталган. Андан кийинки орундарда Бужум, Чек айылдары жана Баткен шаары турат. Алардын басымдуу бөлүгү вирустук гепатит оорусунун А тобу менен оорушат. Ооруканаларга жаш балдардан 5 жашка чейин жана 10-14 жашка чейинкилер көп кайрылган. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Карим Миңбаев билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан