"Медиа-порталдагы" көңүл көтөрүүчү клиптердин бири - Тынчтыкбек Айылчиевдин "Такси" ырынын клиби. Тамашалуу ырда такси кызматынын айдоочусунун жумушу тууралуу ырдалат.
Тынчтыкбек Айылчиев клиптеги кызыктуу окуя тууралуу айтып берди:
"Клипке 10дон ашык адам тартылган. Алардын ичинде бир немис кызы жана пакистандык бала бар. Аларды тааныштар аркылуу тапканбыз. Башка каармандарды тарткыча убакыт өтүп кеткен. Чет элдик конокторубуз ошол күнү мекендерине учушмак экен. А мен ал тууралуу билген эмесмин. Биз ызы-чуу түшүп эле клип тартып жүрсөк, алар уялып айта албай тура беришип, өздөрүнүн каттамына кечигип калышыптыр. Тартуу иштери бүткөндө гана айтышкан. "Эрте эле айтпайт белеңер..." деп күлдүк. Биздин жумушту токтоткондон уялышкан го. Анан аларды аэропортко алып барып, билеттерин өткөрүп, баасынын бир нече пайызын кайтартышкан".
"Клиптеги бардык каармандар тааныштар эле. Пакистандык бала ролго бат кирди, ал өзү эле шаңдуу жүргөн, музыкага жакын жигит экен. Ал эми немис кызы бир аз уялгансыды", - деп кошумчалады ырчы.
Белгилей кетсек, клип былтыр жаз айларында Бишкекте тартылган.
Клипти көрүү үчүн шилтеме.