Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 22-августта Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Газиантеп шаарындагы үйлөнүү тойдогу жардыруудан каза тапкандарга байланыштуу көңүл айтты. Мамлекет башчы телеграммасында Кыргыз мамлекетинин эли боордош түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, Түркия өлкөсүнүн террорчулукка каршы күрөшүн колдой тургандыгын белгилеген. Ал эми каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада айыгып кетишин тилегенин президенттик аппараттан кабарлашты.
Эскерте кетсек, 20-август күнү үйлөнүү той учурунда жардыруу болуп, каза болгондордун саны учурда 53кө жетти. Алардын 20дан ашыгы 14 жашка чыга элек балдар. Режеп Тайип Эрдоган жан кечти 14-15 жаштагы бала экенин жана окуяга “Ислам мамлекети” деп аталган топтун тиешеси бар экенин айтууда.