Эртең, 3-сентябрда дүйнө коомчулугунун көңүл борборун ээлеген, көптөн күткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. MegaCom компаниясы - 2016-жылдын маданий-спорттук иш-чарасын өткөрүүнүн башкы демөөрчүсү. Бул иш-чара алгач 2014-жылы өткөрүлүп, этно-спорт боюнча биринчи жолку жана эң масштабдуу эл аралык турнир катары эсибизде калып, тарых барактарында кызыл сызык менен өтүп тургандыгы баарыбызга маалым.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай MegaCom тарабынан улуттук колоритти чагылдырган, брендделген атайын SIM-карталар чыгарылды. Алар көчмөндөр маданиятын, этно-өзгөчөлүктөрдү баалагандар үчүн сонун белек болмокчу. Чектелүү санда чыгарылган эксклюзивдик SIM-карталардын ээси болуңуз. Мындай SIM-карта менен бирге сизге Nomad атайын опциясы камсыз кыла турган түйүн ичиндеги жана белгилүү эл аралык багыттагы ыңгайлуу чалуулар берилет.
Мындан тышкары өлкөнүн алдынкы мобилдик оператору этно-спорттун эң кызыктуу түрү болгон көк бөрү боюнча мелдештердеги "Эң мыкты чабуулчу" номинациясынын жеңүүчүсүнө 100 000 сом өлчөмүндөгү атайын акчалай байге ыйгармакчы.
Эсиңиздерге сала кетсек, MegaCom иш-чараны уюштуруучу топтун мобилдик байланыш расмий провайдери катары боло турган оюндардын алкагындагы өткөрүлүүчү иш-чаралар учурунда ишенимдүү байланышты камсыз кылат. MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан тармактын сыйымдуулугун кеңейтүү жана жаңы базалык станцияларды куруу боюнча ар тараптуу иштер аткарылды. Мындай аракеттердин натыйжасында катышуучулар, күйөрмандар жана жалпы көрүүчүлөр ар дайым байланышта боло алышат жана спорттук мелдештер маалында мобилдик түйүнгө кошулуу, кеп-кеңеш алуу үчүн ат майдандын аймагында жайгашкан MegaCom сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна жана промоутерлердин мобилдик топторуна кайрыла алышат.
MegaCom – күч биримдиги, рух биримдиги!