Бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте Кыргызстан-Австрия бизнес-форуму өтөт. ТИМдин басма сөз кызматынан маалым болгондой, австриялык делегация Австриянын Федералдык палатасынын КМШ мамлекеттери менен тышкы соода департаментинин директору Х.Вальтердин жетекчилиги астында келет.
Форумда бир катар министрлик жана ведомстволордо энергетика, туризм, транспорт, айыл чарба жана суу чарбасы тармагындагы кызматташууну аныктоо максатында жолугушуулар пландаштырылган.