MegaCom менен тил үйрөн

MegaCom жаңы, ыңгайлуу "Engster тил үйрөтүү курстары" сервисин сунуштайт. Кыргыз, англис жана орус тилдерин интерактивдүү үйрөнүңүз!

Жеке окутуу планынын жардамы менен керектүү тилди өз алдынча окуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Сөз айкаштарынын, сүйлөмдөрдүн туура жазылышын текшерип, грамматиканы үйрөнүңүз, күн сайын түшүндүрмө сөздүктөн өзүңүзгө тааныш эмес сөздөрдүн котормосун таап, сөз байлыгыңызды өстүрүңүз. Күн сайын, сиздин окуу планыңызга жараша, сөздөрдү канчалык деңгээлде билгениңизди текшерген суроолор берилет. Өз каалооңуз боюнча окутуу деңгээлин жогорулатып же төмөндөтө аласыз. Тил үйрөнүүнү мындан дагы кызыктуу кылыш үчүн тил үйрөнүп жаткан абоненттерди таап, алар менен сөз билүү боюнча "эрөөлдөрдү" өткөрүп, www.engster.megacom.kg сайтынан аудиоматериалды угуп, мындан тышкары тексттерди окуп, көрүп жана бышыктасаңыз болот.

*993# кыска номуруна сурам жөнөтүү менен кыргыз тилин үйрөнө аласыз. *994# буйруусу - орус тили боюнча билимин жогорулатууну каалагандар үчүн. Эгерде сиз англис тили боюнча билим деңгээлиңизди жогорулатууну кааласаңыз, *995# кыска номурун териңиз. Кызматка биринчи жолу кошулууда берилүүчү акысыз байкап көрүү мөөнөтү - 2 күн. Андан кийин абоненттик төлөм суткасына 6 сомду түзөт.

Кызмат тууралуу кошумча маалымат компаниянын сайтында берилген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
askarkgaskar
2016-09-06 12:11:27
Кандай уйротот натыйжасы кандай болот ким ушудан уйронуп кеткендер барбы ?
0
nnn.sss
2016-09-06 12:17:39
askarkgaskar жаныле чыгыптырго,уйронуп кеткендер али жок болсо керек
0
ramik_87
2016-09-06 13:02:58
askarkgaskar,https://www.megacom.kg/services/yazykovye-kursy-engster?locale=kg ушул ссылка боюнча кенен маалымат алса болот экен. Онлайн-жардамчы бар экен.
0
borbuk
2016-09-06 13:11:38
только мегакомдон бекен
+1
Riokyrgyz
2016-09-06 19:09:58
borbuk,жок Билайнга,О го барсан сага кенешин берет.Мегакомго бар деп.хехехе
-1
borbuk
2016-09-07 00:44:57
Riokyrgyz,окшошпой калды
0
Alibek-0001
2016-09-07 10:45:42
Мен кошулдум эле кайра кантип чыксам болот? Ким билет? Айтып койгулачы
0
Aruna25
2016-09-07 11:08:48
Alibek-0001,6 сом дала электе чыгып кетейн де)))))
0
akmatov99
2016-09-07 11:42:02
Эптеп эле акча өндүрүп алуу да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан