Кечээ, 2016-жылдын 5-сентябрында “Кумтөр” ишканасынын Балыкчы шаарындагы өткөөл базасынын кызматкерлери "Адамзатка жардам" балдар кризистик борборуна барып, жаңы окуу жылына карата тарбиялануучуларга чай уюштуруп, белектерди тапшырышты.
“Кумтөр” кызматкерлери жардамга муктаж калктын аяр катмарына ыктыярдуу жардамын аяшпайт. Бул ирет кийим-кече, оюнчук жана акча чогултууну чечишкен. Кризистик борбордо мектеп курагындагы 20 жетим бала жашайт. Чогулган каражатка балдар мектепте керектөөчү окуу куралдары менен борбор жетекчилиги өтүнгөн, имаратты тазалыкта сактоо үчүн чаң соргуч шайманы сатылып алынды.
Борбордун жетекчилиги менен бөбөктөр “Кумтөрдүн” элчилерине жана Балыкчы өткөөл базасынын калган кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.
“Кумтөрдүн” элчилери – бул компания кызматкерлеринин өз ыктыяры жана жеке демилгелери менен коомго пайдалуу иш-чараларды өткөрүп, колунан келишинче жардам берүү аркылуу атуулдук жоопкерчилигин аткаруусу. “Кумтөр Голд Компаниде” 2879 адам эмгектенет. Компаниянын кызматкерлери жөнүндө кенен маалымат бул жерде.