Пенсиялык камсыздандыруу маселеси боюнча кайрылуу мөөнөтүн кайрадан узартуу демилгеленди

15-сентябрда Жогорку Кеңеште мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган "Мамлекеттик, пенсиялык, социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды. Социалдык фонддун берген маалыматына караганда, "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" мыйзамда пенсиялык камсыздандыруу маселеси боюнча кайрылган жарандарга 30 жумуш күнүнүн ичинде жооп берилүүгө тийиш. Ал эми “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамда 15 күндүк мөөнөт каралган. Ошондон улам 15 күндүк мөөнөт 30 күн менен алмаштырылып, эки мыйзам шайкеш келтирилүүдө.

Депутат Аида Салянова демилгеге каршы чыкты. "Бул мыйзам долбоору аркылуу кайрылууга жооп берүү күнүн кыскартуунун ордуна узартып жатабыз. 30 жумушчу күндүн ичинде жооп бериш керек болсо, 40 күндөн ашык убакытты алып жатат", - деп каршы пикирин айтты депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан