Атамбаев Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаев жарыя кылган маалыматтарды текшерип, мыйзам бузгандарга чара көрүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага депутат Өмүрбек Текебаев 2016-жылдын 15-сентябрында маалымат жыйынында жарыя кылган маалыматтарды кыска мөөнөттө текшерип чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү бүгүн, 16-сентябрда билдирди.

"Башкы прокурор Индира Жолдубаевага жер тилкесине байланышкан окуялардын ырааты жана операциялардын мыйзамдуулугу боюнча ким экендигине карабастан, мыйзам чегинде чара көрүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура бул ишке байланыштуу текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу президентке жана коомчулукка маалымат бериши керектиги маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан