Бүгүн, 16-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тараптарынын тиреши күндөн-күнгө курчуп жатат. Ушул мезгилге чейин сары майдай сакталып жүргөн компроматтар коомчулукка жарыяланууда. Кечээ Текебаев бир көзүрүн көрсөтүп, Атамбаевдин хан сарайы салынып жаткан жер тилке Максим Бакиев менен анын досу Алексей Ширшовго таандык болгонун билдирип, бирок бул маалыматтын расмий эместигин кошумчалаган. "Убактылуу өкмөттүн декрети менен Максим Бакиевдин "Дастан" ишканасындагы 51,5 пайыз үлүшү мамлекетке өткөн. Ошону менен мүлк Бакиевдердики эмес, Кыргыз мамлекетиники болгон. Максим Бакиев Ширшовду 2007-жылы "Дастанга" алып келип, бир жылдан кийин Атамбаев үй салып жаткан жер сатылып жатат. Атамбаев 2011-жылы "Дастанга" Албек Ибраимовду алып келген. Ибраимов келгенден бир жылдан кийин ошол жер кайрадан сатылып жатат. Биз жердин сатылуу боюнча мыйзамдуулугун текшертебиз", - деген Текебаев.
Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Атамбаевдин хан сарайы салынып жаткан жерди сатуу-сатып алуу операцияларынын хронологиясын айтып берип, жер 2008-жылы Бакиевге таандык болгонун ырастады. Сарпашевдин айтымында, аталган жерди 2015-жылы президент учурдагы Бишкек мэри Албек Ибраимовдун аялынан 33 миллион сомго сатып алган. Бирок Ибраимовдун үй-бүлөсү бул жер үчүн 5 күн мурун 26,5 миллион сом жумшаган. Демек, Ибраимовдор президентке жер сатып, 6,5 миллион сом пайда табышкан. Ибраимов жерди Атамбаевге сатышканын Текебаевден кийин өзү ырастады. Бирок анын декларациясында бул жер тилке катталган же катталган эместигин, жерди сатуудан ал канча киреше тапканын билүү үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын сайтына киргенде мэрлердин декларациялары белгисиз себептерден “жоголгону” байкалды. Дагы бир кызык жери: Ибраимов президентке жерди саткан соң кийинки жылы Бишкектин мэри кызматына атаандашы жок жалгыз шайланган.
Президенттик аппарат Текебаевдин бул компроматынан кийин аны сотко берүүгө ниеттенгенин жарыялап, бирок эрки жетпей жатканы көрүнүүдө. Президент Текебаевге жооп катары Башкы прокуратурага "ата мекенчи" жарыя кылган маалыматтарды текшерип, мыйзам бузгандарга чара көрүүнү жана өзбек сепаратисттеринин лидери Кадыржан Батыровдун качышына Убактылуу өкмөттүн катыштыгын иликтөөнү тапшырды. Ошондой эле кечээ кечинде КТРКнын прайм-тайм учурунда камакта отурган Абдулла Юсуповдун 2010-жылдагы мародёрлук тууралуу эски маеги көрсөтүлдү. 2012-жылы Юсупов Өмүрбек Бабановдун НТС телеканалынын “жылдызы” болуп, экрандан түшкөн эмес эле. Анткени “Бабанов аргымакты пара катары алды” деп шектеп, аны премьер-министрликтен түшүрүүдө “Ата Мекен” фракциясы чоң роль ойногон. Андан кийин маалыматтык согуш башталган. Эми Атамбаев Бабановду кайталап жатат. "Согушта бардык каражаттар пайдалуу" демекчи, Атамбаевдин командасы бардык административдик ресурстарды колдонууга аракет жасап жатат. Албетте, эгер Кой-Таштагы жер Текебаевдики болгондо, Атамбаев тарабы КТРК жана башка мамлекеттик ММКлар аркылуу муну көрсөтүп чыкмак, анткени бийликте башка илинчек жок...
“Бүгүн КСДП фракциясы Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынан чыгат” деген жоромолдор Ак үйдө активдүү жүрүп жатты. Альянстын жоюлушунан кийинки сценарийи кандай болору да айтылды. "Жаңы коалицияны түзүү мандатын президент КСДПнын лидери Иса Өмүркуловго берет. Альянска КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары кирери күтүлүүдө", - дешти Ай үйдөн. “Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, мындай жоромолдордун чыгышына негиз бар. Бийлик коалицияны жоюп, бир ок менен эки коёнду атууну көздөп жатышы мүмкүн: “Ата Мекенди” коалициялык көпчүлүктөн чыгарып, социалисттерди мамлекеттик кызматтарга өз адамдарын дайындоого мүмкүнчүлүксүз калтырат. Буга чейин кыска мөөнөттүн ичинде “Ата Мекендин” квоталары менен мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан кызматкерлер кызматтарынан бошотулган эле. Учурда “ата мекенчилер” өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев өкмөттүн курамында иштеп жатышат. Айта кетсек, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы 4 фракциядан турат: КСДП (38 депутат), "Ата Мекен" (11), "Кыргызстан" (18) жана "Өнүгүү-Прогресс" (13). Ал эми "Республика-Ата Журт" (28) менен "Бир бол" (12) парламенттик оппозицияда. Балким, КСДП кийинки жумага чейин фракциялар менен министрлик креслолор үчүн соодалашууларды жүргүзүп бүтүп, альянстан чыгууну жарыялайт...