КМШ саммитин 2017-жылы өткөрүү Орусияга берилди. Украина буга каршы чыкты

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Бишкекте өтүп жаткан саммитинде президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы КМШ саммитин өткөрүү Орусияга берилерин маалымдады. Атамбаев Путинге кайрылып: "Протокол боюнча саммитти өткөрүү төрагалыгы Орусияга берилет. Бул үчүн сиздин макулдугуңуз керек", - деди.

Путин макулдугун берген соң Украинанын Кыргыз жериндеги элчиси Николай Дорошенко саммитти өткөрүү иши Орусияга берилип жатканына каршы пикирин билдирип чыкты. Анын каршы чыгуусуна Орусиянын Украинадан Крымды алуусуна байланыштуу жана КМШга мүчө өлкөлөрдө 2020-жылга карата калкты Орусия тарабынан каттоого алуусу болду. Бирок Путин Украина КМШ уюмун түзүүгө катышпаган өлкө катары Орусиянын төрагалык кылуусуна каршы болуусуна негиз жок экендигин айтты. Ошондой эле Орусия Крымды Украинадан тартып албаганын, эл аралык келишимдерге таянып алганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан