БЛОГ: "Элдин пикири менен эсептешпей Баш мыйзамды өзгөртүү - чоң жаңылыштык" (блоггер Даниел Кадырбеков)

Президент Алмазбек Атамбаевдин Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине көптөр каршы чыгып жатышат. "Элдин пикири менен эсептешпей мыйзамды өзгөртүү - чоң жаңылыштык" деген ойдогу блоггер Даниел Кадырбековдун пикирин сунуштайбыз.

"Акыркы учурда президент жана анын администрациясы тарабынан жарандык коомго, жарандык укук жана эркиндикке жасалып жаткан чабуулдар (эмоцияга алдырган учурларды айтпаганда эле чет элдик агенттер жөнүндө, Кыргыз жеринде чет элдик жарандардын ММКларга ээ болуусуна чектөө коюу жөнүндө мыйзамдарды демилгелөөдөн тарта Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө чейин) демократияга каршы глобалдык тренддин бир бөлүгү болуп эсептелет.

Глобалдык масштабда демократиялаштыруу процесси мыкты процесс болгон. Гарвард университетинин профессору Самуел Хантингтон жазгандай, 70-жылдардан тарта дүйнө жүзүндө 90дой мамлекет демократияга өткөн. 21-кылымдын башталышында көз карандысыз мамлекеттердин 60 пайызы демократия жолун тандашкан.

Дагы бир атактуу профессор, Стенфорд университетинин профессору Франсис Фукуяма "Тарыхтын соңу" китебинде либералдык демократиянын жана базар экономикасынын жайылуусу менен адамзаттын социалдык өсүшүндө эволюция токтоорун жазган. Муну менен ал натыйжада базар мамилесине негизделген демократиялык башкаруу болорун аргумент катары көрсөткөн. Албетте, алардын айтканы туура, кандай болгон күндө да адамзаты ушуга келип токтойт. Бирок, тилекке каршы, демократиялаштыруу эйфориясы түрдүү геосаясий жана экономикалык факторлорго, адамдык факторго карата жолу узун болгон жок. Ошол себептүү биз глобалдык (убактылуу деген үмүттөмүн) жактан демократиядан кетенчиктөөнү көрүп, сезип жатабыз.

Эми биздин коомдогу чындыкка токтололу. Улуттук коопсуздук жана жаңы доордун чакырыгы деген аргумент менен жарандык коомдун ишмердүүлүгүн, жарандардын эркиндигин жөнгө салуу аракеттери - чоң жаңылыштык. Социалдык-экономикалык маселелер, коопсуздук маселелери авторитаризм жолу менен эмес, өнүккөн өлкөлөр мисал кылып көрсөткөндөй туура институттардын, мыкты адистердин жана туура саясаттын жардамы менен чечилет. Эмне болгон күндө да тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Өз эли менен эсептешпеген өлкөнү Советтер Союзу, Чыгыш Европа, Арабия өлкөлөрү, диктатура менен башкарылган Африка жана Түштүк Америкадагыдай тагдыр күтүп турат.

"Күчтүү мамлекетти демократиянын жардамысыз түзүүгө болот" деген риториканы ээрчип, биздин президент жана анын администрациясы ишенимдүү түрдө тузакка бара жатат. Биздин мурунку башкаруучуларыбыз жана дүйнөлүк практика далилдегендей эле, авторитаризм аз убакытта экономиканын өсүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн. 1960-жылдарда айрым мамлекеттерде болгондой... Бирок натыйжада мамлекеттүүлүк үчүн чоң коркунуч жаралат. Ошол себептүү келечегин эркиндик жана демократия менен элестеткендер социалдык тармактарда өз келечегибизди коргогонубуз жетиштүү эмес. Биз жарандар биз шайлаган депутаттардын кабылдамасына жазылып, жарандык топторго биригип, төмөнкү суроолорго жооп талап кылышыбыз керек: Чет элдик агенттердин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу, басма сөз эркиндигине, жарандардын эркиндигине тыюу салуу биздин улуттук кызыкчылыктарга жатабы? Адам укуктарына жана БУУнун адам укуктарын камсыздоо системине асылуу, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөндөмсүз администрация менен бийликтин маселесин кантип чечет?

Албетте, бул суроолорго кайдагы душмандар тууралуу, бийликке каршы сын айткандар тууралуу, террористтер жана башкалар тууралуу жооп аласыңар. Бирок азыркы маселелер бийликтин коррупцияга батканынан улам келип чыкканын унутпагыла. Биздин бийлик өзүнүн ийгиликсиздигин туш келди адамдарга шылтабай, өзүн реформалоону сунуштаганы логикага сыймак.

Бул суроолордун баарына толук жооп алмайынча, кем дегенде президенттин администрациясынан "душмандар" деген риторикадан жана элди түрдүү чакырыктар менен чочулатуудан алыс болуусун талап кылышыбыз керек. Анын үстүнө биз унчукпай отурсак бизди кандай альтернатива күтүп турганын көрүү үчүн алыс баруунун кажети жок. Тегеректи карап көргүлөчү, бизге коңшу мамлекеттер кандай жашап жатканын көрөсүңөр. Саясий жагын жана эркиндик жагын алып караганда, биз алардан кем дегенде 30 жыл алдыдабыз, андыктан артка кайрылуу чоң жаңылыштык болот.

Албетте, демократия - көп жол бастырган татаал жок. Бул жол маселелерди токтоосуз чечүүнү жана ыкчам өнүгүүнү убада кылбайт. Бул жолдо биз өнүгүү үчүн туура шаймандарды тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Биз жарандар жана биздин институттар менен биргеликте демократияны биздин пайдабызга иштегидей кылып, өнүккөн өлкө түзө алабыз. Ал эми башкаруучулар келет жана кетет, баарынын өз кызыкчылыктары жана чектөөлөрү бар".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан