Орусиядагы шайлоо: Парламентке 4 партия келе турган болду

Кечээ, 18-сентябрда Орусияда парламенттик шайлоо өтүп, анын алдын ала жыйынтыгы боюнча 4 партия жеңишке жетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, Мамлекеттик Думага 4 партия өттү. Алар: "Единая Россия", Коммунисттик партия (КПРФ), Либерал-демократиялык партия (ЛДПР) жана "Справедливая Россия". Ал эми калган партиялар 5 пайыздык босогодон өтүшкөн жок. Шайлоого жалпысынан 14 партия катышкан.

Орусиянын мыйзамына ылайык, Мамлекеттик Дума 450 депутаттан түзүлөт. Жеңүүчү партиялар Мамлекеттик Думадагы 225 мандатты бөлүшүшөт. Калган 225 мандат бир мандаттык аймактарда шайлоого катышкан депутаттыкка талапкерлерге берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан