Депутат Жапаров жолдордун начар салынып жатканына нааразы

Депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында жол куруудагы кемчиликтер боюнча атайын талкуу өткөрүүнү сунуштап чыкты. Депутаттын пикиринде, жолдор кантип пайдаланылып жатканына 25 жылдан бери көңүл бурулбай жатат. "Жолдор начар салынып жаткандыктан, жарандарыбызды таш басып, алар каза болуп жатат. Бул жерде долбоорлордун начар иштелип жатканын белгилеп кетиш керек. Ал үчүн жоопкерчиликти ким алат? Ушул боюнча биз талкуу өткөрүшүбүз керек", - деди депутат.

Депутат Руслан Казакбаев транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровго кайрылып, ал жетектеген министрлик эң коррупцияланган тармак экенине басым жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан