Бийлик Роза Отунбаевага каршы компроматтарды даярдап жатканы айтылууда

"Бир нече күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жогорку кызматтагы адамдары республиканын түштүк аймагындагы өзбек жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү". Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда "Фергана" маалымат агенттиги жеке булактарына таянып жазып чыкты.

"Өзбек коомунун активисттери жана алардын жакындары менен Ошто болгон сүйлөшүүлөрдүн максаты өз кезегинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаевага жана анын ошол учурдагы кесиптештерине байланыштуу компроматтарды айттыруу болгон. Кыргыз чекисттери өзбек жамаатынын өкүлдөрүнө расмий видеокайрылуу жасап, "2010-жылдагы улуттар аралык тирешти Роза Отунбаеванын аркасынан барганыбыз үчүн уюштурдук" деп айтууну сунушташкан. Ал эми өзбек активисттери бул сунушка макул же макул эместигин жеке булактарыбыз кабарлашкан жок", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, экс-президент Роза Отунбаева бийликтин Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан