УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматтан алуу талабы айтылды

Коомдук ишмер Эдил Байсалов бүгүн, 19-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында бийликке эки талап койду. "Биринчиси, УКМКнын кызматкерлеринин Өзбекстанга барып, Июнь окуясы үчүн айыпталып, соттолгондор менен жолукканы тууралуу маалыматты иликтеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан комиссия түзүү. Экинчиси, иликтөө учурунда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылам. Президент прокуратурага "УКМК кызматкерлеринин жолугушуусунун аныктыгын текшерип чыккыла" деп айтпай эле койсун, мен прокуратура менен УКМКга ишенбейм", - деди Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан