Балдарды мектептерге бөлүштүрүүнү интернет аркылуу жүргүзүү сунушталды

Балдарды мектептерге интернет аркылуу бөлүштүрүүгө болот. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирип, өлкөнүн негизги ресурсу билимдүү адамдар экенин айтты. "Бизде газ же мунай жок, байлыгыбыз - билимдүү жарандар. Акыркы жылдары бала бакчаларды кайра ишке киргизүү жолго коюлууда. Жеке бала бакчаларга жардам беришибиз керек. Ал эми мектептердин көбүндө орун жок, мектептердеги орундарды интернет аркылуу бөлүштүрүү механизмин карап көрүүнү мэрияга сунуштайм. Ошондо баары ачык болмок", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан