Нарын. Кылмыштардын бетин ачууда жылыштар бар

Кылмыштардын бетин ачууда позитивдүү жылыштар бар экенин Нарын ОИИБинин маалымат кызматы билдирет. Облустун аймагында катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштар өткөн жылга салыштырмалуу 9 кылмышка өскөн. Кылмыштардын түрлөрү боюнча алганда, адам өлтүрүү 8 факты, зордуктоо 5  жана денеге оор жаракат келтирүү боюнча 10 факты катталган. Ал эми жарандардын өздүк мүлкүнө каршы жасалган кылмыштарды алсак, өткөн жылга салыштырмалуу 97 кылмышка азайган. Бул багыттагы кылмыштардын ичинен алдамчылык боюнча 32,  уурулук боюнча 110 кылмыш иши катталган. Нарын облусу боюнча 50 оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталып, анын 43үнүн бети ачылган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырганда 3,3 пайызга жогорулаган. Ошондой  эле облуста жалпы 98 дайынсыз жоголгон адамдын 74ү табылган. 2012-жылдын 9 айында баңгизаттарга байланышкан 12 кылмыш иши аныкталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан