Дүйнө ашканасында, дегеле гастрономия илиминде шараптын адам организмине тийгизген пайдасы тууралуу оң баа берилип келет. Өнүккөн ири өлкөлөрдө тамактануудан кийин белгилүү бир өлчөмдө шарап ууртап коюуну ден соолукту саламаттыкта кармоонун салттык жолу катары кабылдашат. Ак сөөк тукумдарынын ашканасынан сыйлуу орун берип, конок алдына тамшанткан шарап тартуу кылымдардан бери келе жаткан этикет экенин окуп-билип келебиз. Ал эми белгилүү акын Омар Хайямдын шарап тууралуу саптарын окубаган ким бар...
Өзүнүн жогорку сапаттагы продукциясы менен Кыргыз өлкөсүнүн шарап өндүрүүчүлөрү да дүйнөлүк бренддерден кем калбай шараптарды жасап жатышат. Алардын алдынкысы "Винодел" ишканасы дүйнөгө атагы тараган каберне-совиньон шараптарынан ашса ашып, бирок кем калбаган Archi шараптарын сунуштайт. Аталган ишкана шараптарынын жогорку сапатын "Archi Fest-2016" шарап фестивалын өткөрүү менен дагы бир жолу тастыктады.
"Archi Fest-2016" жаш шарап фестивалы келген конокторго жагымдуу маанай тартуулап, "Винодел" ишканасы сунуштаган шарап жана жогорку сапаттагы жүзүмдөн жасалган мыкты ичимдиктерди эл сынына койду. Бул фестиваль Кыргыз Республикасында биринчи жолу өткөрүлгөндүгүнө карабай коноктор жана катышуучулар уюштуруунун жогорку деңгээлине баа беришти. Ошондой эле меймандар өздөрүнүн ой-пикирин жана мактоолорун #archifest хештеги менен социалдык тармактарда иш-чарадан түз бөлүшүп жатышты.
"Archi Fest-2016" фестивалы абдан кызыктуу жана пайдалуу өттү. Алгач жүзүм чогултуунун сырлары менен таанышуу үчүн Виноградное айылындагы "Винодел" ишканасына таандык жүзүм талаасына барып, жүзүм терүү иштерин өз көзүбүз менен көрдүк. Башкы агроном Хажынамур Гасановго жолугуп, шарап жасоодо эң негизгиси жүзүмдү убагында чогултуп алуу керек экенин жана жогорку сапаттагы шарапты даярдоо үчүн жүзүм дагы жакшы сапатта болуш керек экенин биле алдык.
Өлкөбүздөгү жүзүм өстүрүү тармагы 1985-жылдагы ичкилик менен күрөшүү саамалыктарынын жана 90-жылдардагы агрардык реформалардын кесепетинен унутулуп калган. Ар бир жүзүм түп тамыры менен жок кылынгандыктан, кайрадан жүзүм талааларын калыбына келтирүү оңой болгон жок. Буга чейин 10 миң гектар жүзүм талааларынан 70-80 миң тонна сапаттуу жүзүм терилип, жергиликтүү завод, цехтерде иштетилчү. Советтер Союзунун учурунда “Васильевский” винсовхозу (бүгүнкү “Винодел” ЖЧК) өзүнүн карамагындагы 2000 гектар жүзүм талаалары аркылуу Фрунзедеги “Шампанвинкомбинат” ишканасын камсыздап турган. Бүгүнкү күндө 307 гектар жүзүм талаасы кайрадан калыбына келтирилип, ал жерден чогултулган жүзүмдөн шарап, шампан, коньяк бренди, чача, кальвадос жана виски чыгарылат. Бул жүзүм талааларын кайрадан калыбына келтирүүгө 3 миллион АКШ доллары жумшалган. Заводдун кубаттуулугу 1 миллион литр жүзүмдөн жасалчу ичимдиктерди чыгарууга жетет. Азыркы учурда продукцияларды Кытай жана Орусиянын рыногуна чыгаруу аракеттери жүрүүдө.
Жүзүм талаасынан соң уюштуруучулар чогултулган жүзүмдүн заводдо кандай иштетилерин көрсөтүү үчүн завод боюнча экскурсия уюштурушуп, иш-чара ири шоу-программа менен уланды. Аталган шоу-программада кыргыз эстрада жылдыздары ыр менен көңүл көтөрүшсө, уюштуруучулар конокторду тамак-аш жана жогорку сапаттагы жаш шарап менен сыйлашты. Компания бардык Archi товар маркасы алдындагы ичимдиктерди элдин сынынан өткөрүп, көпчүлүктүн мактоосуна ээ болду.
Иш-чаранын уюштуруучулары атайын дубалга коноктор кол тамга калтыруу үчүн жай даярдашкан экен. Бул дубал иш-чара башталар замат коноктордун каалоолору, жакшы пикирлери жана кол тамгаларына толуп калды. Меймандарды жагымдуу жаш жүзүм шарабы шыктандырып, баары бийлеп-ырдап, көңүлдөгүдөй эс алып кетишти.
Ошентип, "Archi Fest-2016" жаш шарап фестивалын өткөрүү менен "Винодел" ишканасы маараке жана аземдерди өткөрүүнүн жаңы бийиктигин аныктап, компания мыкты команда экенин тастыктады.
Күз менен кошо майрамдардын жана тойлордун убактысы келди, демек, бул "Винодел" ишканасынын жогорку деңгээлдеги мыкты ичимдиктерин сынап көрүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөр али алдыда!