Бүгүн биздин рынокто өзүнүн колбаса азыктарын сунуштаган ишканалар көп, бирок алардын ичинен эл аралык талаптарга жооп бергендери аз. Эл аларык талаптарга жооп берип, даамдуу жана сапаттуу азыктарды сунуштаган ишканалардын бири “РИХА” ЖЧКсы болуп саналат.
“РИХА” ишканасы сентябрь айынын аягында жогоруда айтылган талаптарга жооп берерин тастыктоо максатында Ачык эшиктер күнүн өткөрүп, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана конокторду заводуна чакырды. Заводго барып “РИХА” азыктарынын даярдалуусун көргөндөр заводдун тазалыгына жана продукциялар даярдалуучу азыктардын жогорку сапатта экенине ынанышты.
Негизиниен “РИХА” компаниялар тармагы бир гана колбаса чыгаруу менен чектелбей, бүгүнкү күндө элге жогорку сапаттагы нандын түрлөрүн, сүт азыктарын, тез даярдалуучу тамактардын түрүн жана башка азыктарды сунуштайт. Эң негизгиси, бул компаниянын азыктары жогорку сапатта экенин убакыт тастыктады. Компания иштеп жаткан бүгүнкү стандарттар азыктардын нукуралыгы жогору экенин айгинелейт.
Ошону менен катар “РИХА” ишканасынын иштөөсүнүн сапаты HACCP эл аралык сапат сертификатына ээ болгон. Аталган сертификат негизинен азыктын адам үчүн коопсуздугун текшерип, абдан катуу талаптарга жооп берген компанияларга берилет. Бул сертификатка ээ болгон ишканалар өздөрүнүн азыктарын дүйнө жүзүнө экспорттоого мүмкүнчүлүк алышат.
Ачык эшиктер күнү салтанаттуу өттү. Жаап жаткан жаанга карабай коноктор шаттуу жана көтөрүңкү маанайда оюн ойноп, бийлеп жатышты. Иш-чарага келген коноктун баарына компаниянын жогорку сапаттагы продукциялары сынга коюлуп, жакшы деген бааларга татыды.
“Бүгүнкү күндө биздин ишканада 700гө жакын адам иштейт. Бул сан ишкананын чоңдугун көрсөтүп жатпайбы, андыктан канчалаган адам жумуш орду менен камсыз болуп жатат десек болот. Ал эми чоң ишкана сапаттуу азыктарды чыгарууга милдеттүү деп билебиз. Ооба, биздин азыктар башкаларга караганда кымбатыраак экенин моюндайбыз, бирок баанын кымбат болгону ишкана нак азыктар менен иштей турганынан кабар берет. Ал эми нак азыктар кымбат болот эмеспи, баа ошого байланыштуу кымбат. Урматтуу сатып алуучулар, биздин азыктын сапаты үчүн биз керт башыбыз менен жооп беребиз. “РИХА” компаниясы үчүн сапат эң жогору!” - дейт аталган компаниянын коммерциялык директору Виктория Владимировна Маркешина.
Эң негизги белгилей кетчү нерсе, “РИХА” компаниясынын бардык ишканалары “Аль Халал” стандарттарына жооп беришет.
Баары аракет кылат, а биз жасайбыз!