"Кумтөр Голд Компанинин" кызматкери Абдурахим Мамбеталиев шар аккан сууда калган 9 адамды, анын ичинде 4 кичинекей баланы куткарууга катышкан. Жол-транспорт кырсыгы Жети-Өгүз районунда катталган. Нөшөрлөгөн жаандан улам тайгак жолдо айдоочу унааны башкара албай Чоң-Кызыл-Сууга түшүп кеткен. Жакын жерде достору менен жүргөн Абдурахим Мамбеталиев кырсыкка кабылган адамдардын кыйкырыгын угар замат жетип келип, агымы күчтүү дарыяга кирип, тактайдын бир учун сууга кулаган автоунаага улап, ошол өтмөк аркылуу адамдарды жээкке чыгарган.
Жапа чеккендердин бири Сабира Сыманова алар ошол күнү эс алууга чыгышканын билдирген. Алгач себелеп баштаган жаанга анча маани беришкен эмес, бирок күтүүсүздөн автоунаа жолдон тайгаланып, сууга кулап түшкөн. “Биз эмне кыларыбызды билбей, дүрбөлөңгө түштүк. Биздин үнүбүз жакын жерде эс алып жаткандарга угулуптур. Мен Абдурахим башында турган жигиттерге ыраазымын. Алар өз өмүрлөрүн тобокелге салышты", - дейт Сабира Сыманова.
Экинчи жабырлануучу Таалай Чакиев да баштан өткөн окуяны айтып берди: "Биз абдан корктук. Дагы жакшы, унаа сууга узунунан туруп калды, ал туурасынан болгондо суунун агымы унааны оодарып салмак. Биз суусу шаркырап аккан сайда 40 мүнөттөй кармалып калдык. Мүнөт санап машинага суу толо баштады, буттарыбыз суу болуп, үшүй баштадык. Үнүбүз жетишинче кыйкырып жардамга чакырып жаттык. Бизди угуп, жардамга келип, сактап калышкан адамдарга ыраазымын. Алар бизге экинчи өмүр тартуулашты".
Бул окуянын каарманы Абдурахим Мамбеталиев 18 жылдан бери "Кумтөр Голд Компаниде" коопсуздук кызматында эмгектенет.
"Биз сууга түшкөнү жатканбыз. Автомашина сууга кулап түшкөнүн угар замат жолдошторум менен окуя болгон жерге шашылдык. Кандай, эмне кылуу керек экенин түшүнүп, дароо аракеттене баштадым. Коркунуч жөнүндө ойлонгон да жокмун. Натыйжада биз адамдарды сактай алдык. Адамдарды сактоого катышкан Керимжан Абдиев, Ринат Сулайманов, Дилшат Масеев, Абдухалил жана Абдужалил Мамбеталиевдерге алкыш! Ошондой эле суудан алып чыккандан кийин үшүп калган адамдарга жардам берген Айдар Эралиев менен карындашы Чынарага да рахмат.
Бир аздан соң машинам менен баарын үйлөрүнө жеткирип койдум. Кырсыкка кабылган адамды куткарууну эрдик эмес, жарандык милдет деп эсептейм, себеби адам өмүрү баарынан кымбат. Кайдыгер жана көңүл кош болбоо керек", - дейт Абдурахим Мамбеталиев.