ТЕСТ: “Биринчи мугалим” тасмасы тууралуу эмнелерди билесиз?

“Мугалим – мөмөлүү дарак” деген философиялык мааниси терең, жакшы сөз бар. Баарыбыздын инсан катары калыптанышыбызга эң алгачкылардан болуп салым кошкондор – мугалимдер. Кыргыз Республикасындагы мугалимдердин кесиптик майрамын 5-октябрда белгилөө тууралуу токтомго 2014-жылы 30-октябрда өлкөбүздүн ошол кездеги премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон. Буга чейин мугалимдердин кесиптик майрамы ар жылы октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип, ар кайсы датага жылдырылып келген. Ардактуу кесипти аркалаган Кыргыз Республикасындагы бардык мугалимдерди SUPER.KG порталынын жалпы жамааты кызуу куттуктайт.

Кыргыз мугалимдеринин эталону катары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн агайды баалап келебиз. Бул чыгарманы окубаган кыргыз аз болсо керек. SUPER.KG аталган повесттин негизинде тартылган “Биринчи мугалим” тасмасы боюнча чакан тест сунуштайт. Тасманы, дегеле бул чыгарманы канчалык деңгээлде билесиз? Күчүңүздү сынап көрүңүз.

1
2
3
4
5
6
7
8
9
10

Чыгармада Алтынайды жеңеси байга токолдукка берип салат. Алар менен Дүйшөн агайы салгылашып жүрүп, акыры байды милицияга берип, Алтынайды бошотуп алат. Алтынайдын мындан кийинки тагдыры эмне болот?

Айыл эли Алтынайды бир күйөөдөн чыкты деп кеп кыла беришкенинен, багып чоңойткон жеңеси “элге шерменде кылдың” деп кууп жиберет.
Дүйшөн агай Алтынайга үйлөнүп, андан соң шаарга окуусун улантканы алып кетет.
Дүйшөн агайы Алтынайга жаман сөз айткандын баары менен салгылашып жатып, акыры мектепти аяктатат.
Он чакты жетим балага кошуп Дүйшөн агайы, айыл эли Алтынайды Ташкенттеги жетим балдар үйүнө жиберишет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
asmera
2016-10-05 18:58:29
Алтынайды токол кылып алган байдын ролун казак актеру Идрис Ногайбаев ойногон.
0
didi07
2016-10-05 19:38:10
50 начар
0
chibik
2016-10-05 19:57:29
60 бал жакшы дейт го. Чыгарманын озун билген менее тасма тууралуу билбейткем
0
Kanzada97
2016-10-05 21:14:18
уууяяяяттт 40 балл. Бул чыгарманы окугам вообще унутта калып кетиптир
0
ofiser26
2016-10-05 22:03:10
Суперге чон ырахмат! Ушундайларды коп жазссанар,элибиздин билими осушуно чон салым кошот элениздер. Саясат окуй берип ушакчы болуп буттук.
+2
Arsenim
2016-10-05 22:18:05
100 ball en jakwy deitgo
0
adilbars
2016-10-05 22:41:18
Эми 100 болду!
0
tatynam_88
2016-10-05 22:44:28
100балл.аябай кызыгып окугам.азыр да окуп,киносун коргондон тажабайм.
Админ,ушундай тесттерди бат-бат чыгарып турсанар.
+1
ZANIA-92
2016-10-06 01:23:59
30балл. Озумдон озум уялып жатам. Денгээлим 30 балдык элеби?
0
XAHZAT
2016-10-06 05:37:32
Уят(((. Китебмн окугам,киносун бала кезде көргөм. Жакты. Тест кылып чыгарып тургула.
+2
barpynynkyzy
2016-10-06 07:14:31
80))
0
deva
2016-10-06 09:37:24
Эң жакшы баа алдым! Мындай тесттерден көбүрөөк чыгарып тургула. Бул идеяны таап киргизген адамга премия жазылсын!
+1
aziko1414
2016-10-06 20:34:07
50-50 уят болдум.
0
akylai.timurova
2016-10-06 20:48:57
Мен 100 балл
0
belka
2017-12-30 15:00:02
60 балл
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан