Жардамга муктаж 83 бала кийим-кече, оюнчуктуу болду

Жардамга муктаж бөбөктөргө 1-июндан кийин да көмөгүн үзбөгөн жарандар арабызда бар экени кубандырат. Өлкөнүн ири алтын кен ишканасындагы кызматкерлер маянасынын бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшоону салтка айлантып алышкан. Өткөн аптада Сокулук реабилитациялык борборундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бир минивэн толо оюнчук, кийим-кече, жеке гигиена каражаттары менен атайын социалдык-эмгек терапия бөлмөсүнө керектүү эмеректерди жеткирип беришти. Ал үчүн "кумтөрчүлөр" Бишкек кеңсеси, Балыкчы өткөөл базасы жана кен ишканада эмгектенгендер арасынан 80 миң сом акчалай каражат менен оюнчук жана кийим-кече чогултушкан.

Кайрымдуулукту да акыл калчап, кайсы мекеме баарынан муктаж болуп турганын алдын ала иликтеп, билип алып жасашат экен. Сокулук реабилитациялык борбору 2014-жылы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды толук кандуу өз алдынча жашоого, мүмкүн болушунча жакшы даярдоого көмөктөшүү үчүн тарбиялоонун жана окутуунун оптималдуу шарттарын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Учурда анда 83 бөбөк жашайт. Бир нече борборду кыдырып көрүп, шарттарын баамдагандан кийин, алтын кендин боорукерлери ушул мекемени тандашкан.

“Бизге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды өнүктүрүү жана реабилитациялоо үчүн жардам өтө керек. "Кумтөрчүлөр" берген жардам менен биз балдардын окуу жана жашоо шарттарын жакшыртабыз”, - деп аталган борбордун директору Айзада Исанова ыраазычылыгын билдирди.

Биз билгенден алтын кендин кызматкерлери Көл кылаасындагы, Бишкектеги бир нече ушул сыяктуу бөбөктөрдүн мекемелерине да жардамын үзбөйт. "Көп түкүрсө көл болот" демекчи, башка ишканалардын жамааттары да муктаж бөбөктөргө кайрымдуу болушса, алардан келечекте сөзсүз жакшы инсандар жетилип чыгат. Анткени уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат. Ылайым жакшылыктын учугу үзүлбөсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arti
2016-10-07 16:55:21
Кумтөрчүлөрго рахмат. Акыркы учурда чын эле коп жардам корсотуп жатышат. Мага да үй алып берсе го.. депчи)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан