Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевдин 2,7 гектар жери боюнча Өмүрбек Текебаев айткандарды четке какты

Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаев үй салып жаткан Кой-Таш айылындагы 2,7 гектар жер тилкеси боюнча депутат Өмүрбек Текебаевдин айткандарын четке какты. Айрымдар Башкы прокуратуранын мындан башкача жооп узатышы мүмкүн эместигин айтышууда.

Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимовадан 27,5 гектар жер сатып алганы жөнүндө маалымат тастыкталбаганын, анткени жердин аянты 2,7 гектар экенин, аны 2015-жылы президент мэрдин аялынан мыйзамдуу түрдө сатып алганы айтылат 6-октябрда Башкы прокуратура тараткан маалыматта. Ал эми аталган жер тилкеси "Дастан" заводуна тийиштүү болбогонун, 2010-жылы завод жер тилкесинин акчасын төлөбөй койгондуктан ортодогу алып-сатуу келишими жокко чыгарылып, жер "А.С.Д." жоопкерчилиги чектелген коомуна кайтарылганы айтылды.

Быйыл 15-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектин учурдагы мэри Албек Ибраимов "Манас" Эл аралык аэропортунда иштеп турганда 2 миллион долларга бааланган "Манас Менеджмент Компани" биргелешкен ишканасын мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 миллион долларга сатып алганын айткан эле. Прокуратура бул маалымат да тастыкталбаганын билдирди.

"Ата Мекендин" өкүлү Кайыргүл Урумканова мындай дейт: "Эгерде Башкы прокуратура мындан башкача жооп кайтарса таң каларлык болмок. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында миллиондогон жарандардын көз алдында чиновниктердин декларациялары кайрадан жасалып жаткан шартта алып-сатууларды "мыйзамдуу негизде" деп жасоо кыйын деле эмес".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан