Эки элдин байланышын бекемдеген Бишкек-Дели шаарлары эми жакын болуп калды
7-октябрда борбор калаадагы эс алуучу жайлардын биринде "Эйр Манас" компаниясы Кыргыз өлкөсүндөгү Индия элчилиги менен биргеликте "Incredible India" маданий иш-чарасын уюштурду. Анын алкагында атайын чакырылган коноктор, медиа өкүлдөрү кыргыз жана Индия элдеринин маданияты, кооз жаратылышы, меймандостугу жана аталган өлкөлөргө саякаттоо тууралуу кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Кечени индия бийин чимириле бийлеген бийчилер ачышты. Андан соң Индия Республикасынын толук ыйгарымдуу өкүлү, элчи Жаянт Кхобрагаде сөз сүйлөдү.
“Индия-кыргыз элдеринин тилинде, маданиятында көп окшоштуктар бар. Кээде котормочусуз да
бири-биринин сөздөрүн түшүнө алышат”, - деди элчи өз сөзүндө. Ошондой эле ал "Эйр Манас" компаниясы кыргыз эли менен Индия өлкөсүнүн элин байланыштыруу үчүн чоң эмгек кылганын, Индияда саякаттоого, зыярат кылууга жайлар көп экенин кошумчалап, меймандарды аталган өлкөгө конокко чакырып өттү. Андан соң Индия өлкөсүнүн кооз аймактары, жаратылышы, туристтик жерлери тууралуу “Индияны сүйүп калуу оңой” аттуу 5 мүнөттүк видеоролик көрсөтүлдү.
Кезектеги сөз “Эйр Манас” компаниясынын директору Илгар Алптекин мырзага берилди.
“Эйр Манас” компаниясы жүргүнчүлөргө жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтөт. Биздин учактар өлкөдөгү эң жаңы учактар. Кыргыз-Индия элинин ортосундагы карым-катнаш жыл өткөн сайын жанданып барат. Ал эми жакында эле ачылган Бишкек-Дели-Бишкек авиакаттамы эки элдин байланышын мындан ары да бекемдейт", - деди Илгар Алптекин.
Кечеде эки өлкөнүн туристтик компаниялары да өз кызматтары менен тааныштырып, бул мамлекеттердин тарыхый мурастары жана маданиятындагы түрдүү кооздуктар тууралуу видеороликти көрсөтүштү.
"Кыргыз өлкөсү өзүнүн асман тиреген тоолору, жаратылышы менен атагы чыккан. Жүз миңдеген туристтер бийиктиктерди багындыруу үчүн биздин өлкөгө келишет. Бул үчүн бизде бардык шарттар түзүлгөн", - деп билдиришти компания өкүлдөрү. Ар бир презентациядан соң эки элдин улуттук бийи бийленип, комузда кол ойноткон жаштар өз таланттарын тартуулап жатышты.
Белгилей кетсек, эки элди байыркы достук салттары жана бири-бирин сыйлоо байланыштырып келет. Жаңы каттам Индия, Кыргыз өлкөсүнүн жүргүнчүлөрүнө жагымдуу, таң каларлык баалар менен учуу мүмкүндүгүн гана бербестен, башка өлкөлөргө транзиттик учуу менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн да түзүп берген. Себеби "Эйр Манас" - "Учуу - өлкөнүн ар бир жаранынын укугу".
Бишкек-Дели-Бишкек авиакаттамы жумасына 3 жолу каттайт.