"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев 11-октябрда маалымат жыйынында бийликтин бардык былыгын ашкере кылууга мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты. Текебаев депутаттык укугуна гана жана эс тутумуна таянып айрым материалдарды таап, коомчулукка жарыялап жатканын белгиледи.
"Менде прокуратура жок, тергөөчүлөр жок, оперативниктер жок. Эгер булар болгондо, мен ичегилерине чейин сууруп чыкмакмын! Ошону билишет, ошол үчүн бийликтен кетип калуудан өлгүдөй коркушат", - деди Текебаев.