Туруктуу иш жашоо үмүтүн жандырат

90-жылдардын башы, жумушсуздук күч алган. Кооперативдик техникумда окуп, Бишкекте дүкөнчү кызматын аркалаган Жаркын Касаналиеванын үй-бүлөсү апасын караганы Жети-Өгүздүн Чырак айылына көчүп келет. Жумуш жок, дыйканчылык кылууга өтөт. Тагдырдын жазганы экен, эки кызы, апасы менен жесир калат. Ошондон бери эркектин да, аялдын да түйшүгү мойнунда. Тагдырга моюн сунбады.

"Атамдан кийин жалгыз агам да кайтыш болду. Кийин жолдошумдан айрылып, эмне кылар айламды билбей калдым. "Эртең кайдан акча табам?" деген санаа жейт. Талаа иштетип, мал багып тапканым бирине жетсе, бирине жетпей кыйналып жүрдүм. 2008-жылы "Кумтөрдүн" президентине жардам сурап кат жолдогом. Үй-бүлөлүк шартымды эске алып, анкета жөнөтүшүптүр. Ошентип туруктуу иш менен камсыз болуп, татыктуу маяна алып, турмушубуз оңолду. Үй-жайды оңдоп, кыздарымды кем кылбай чоңойтуп, окутуудамын. Жашоого болгон үмүт жанып, келечекке ишенимдүү кадам шилтеп келатам. Эгер кен ишканасы болбосо, азыр кандай күндү көрөт элек ким билет?.." - деп Жаркын айым таржымалын айтты.

Кенде эмгектенген 20дай чырактыкты миллионер санаган айылдаштары байма-бай жардам сурап кайрылышат. Алсак, "кумтөрчүлөр" акча чыгарып, айылдын Маданият үйүнө музыкалык аспап, мектепке спорттук зал ачып, бардык керектүү шаймандарына чейин сатып беришкен. Мындан сырткары маданий жана спорттук иш-чараларга демөөрчүлүк кылышат. Айыл ичиндеги жолду грейдер менен түрттүрүп турууну да өз моюндарына алышкан. Айыл жеринде иш жок болгондуктан элде акча аз.

Жаркын айымдын кендеги милдети - турак жай лагеринин бөлмөлөрүн тазалыкта сактоо. Канадалык ишканада иштеген 8 жылда каарманыбыз ишке жоопкерчиликтүү карап, чынчыл болууга үйрөнгөн. Бирок ушундай үлгүлүү ишкананын айланасындагы чууларга кабатыр болгон айым: "Кумтөрдөгү" ишти токтотуу талабын көтөргөндөр болуп жатат. Алар түшүнбөстүк кылып ошол сөздү айтышабы же кем акылбы, айтор, чолок ойду айтышууда. Эгер "Кумтөр" токтосо, өлкөбүздүн экономикасы үчүн терс таасири тиет. Бул ишканадан түшкөн миллиарддаган акча бюджетте иштеген мугалим, дарыгер сыяктуу жарандарыбыздын айлыгына, пенсия менен жөлөк пулга жумшалууда. Ал акчаны өкмөт кайдан табат? Ошону ойлогон киши барбы? Бул жакта иштеп жаткан үч миңге жакын адам кайда барат? Жумушчулардын арасында туруктуу ишим бар деп ишенип үй салууга, чакан бизнес баштоого насыя алгандар көп. Жумушу жок туугандарына каралашып, бир эмес, үч-төрт үй-бүлөнү баккандар бар. Анан ишсиз калсак бул жагы кандай болот билбейм…" - дейт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан