"Эртең кытайлар келип карызды сураса, аймагыбызды беребизби?" - деп бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров нааразы болду.
"Насыяларды алып мактанабыз, бирок карыздан кутулуш керек да. Эгер эртең кытайлар келип карызды кайтарууну талап кылышса, кантип төлөйбүз? Кайсы бир аймагыбызды беришибиз керек болобу? Мамлекеттик карызга мамилени өзгөртүү зарыл", - деди депутат.
Анын кесиптеши Мирлан Бакиров кытайлык "Эксимбанкка" карыздар болуу коркунучтуу экенин айтты. "Эл аралык уюмдардан насыя алуу коркунучтуу эмес. Кытайлык "Эксимбанкка" карыздар болуу коркунучтуу. Бул банк менен келишимде жазылып турат: эгер карыз кеч төлөнсө, туум эсептелет экен. Ошондуктан "Эксимбанктан" тезирээк кутулуп чыгыш керек", - деди Бакиров.
Каржы министрлигинен билдиришкендей, Кыргыз Республикасы кытайлык "Эксимбанкка" болжол менен 2,1 миллиард доллар карыз.
Айта кетсек, өлкөбүздүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 75 миллион доллар. Бул ички дүң продукциянын 70 пайызын түзөт.