Баткен. Өрүкзардын үйлөнүүгө шарты чектелүү жаштары Бишкекке чакырылды
Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги 2012-жылдын - Үй-бүлө,
ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланганына байланыштуу
аз камсыз болгон жаштарды колдоо максатында 5-ноябрь күнү чоң үйлөнүү үлпөт тою өткөрүлөт. Анда Баткен облусунан 3 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары Бишкек шаарына үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн барышмакчы. Алардын кийиминен баштап нике шакегине
чейин уюштуруучулар камсыз кылып, тойлорун өткөрүп беришет. Жаштар өздөрү менен
кошо 5 дос-тууганын алып барса болот. Ал эми алардын чыгымдары үчүн жергиликтүү башкармалыктардын акча бөлүп берүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти.