Кечээ, 24-октябрда коалиция тарап, мунун негизинде өкмөт да отставкага кетти. Өкмөттөгү, Жогорку Кеңештеги, дегеле саясаттагы мындай көрүнүштү эл кезектеги эле орун алмашуу катары кабылдап, жаңы түзүлө турган парламенттеги көпчүлүк коалициясына кайсы фракциялар кирерине, оппозицияга кимдер келерине кызыгуу деле жаралбай калган өңдөнөт. Өкмөт башчы, спикер, мэрлер, министрлер кол жоолуктай алмаша берип лакапка да айланып бүтүштү.
Төмөндө эгемендүүлүктү алган өлкөнүн 25 жыл тарыхында саясаттагы болгон орчундуу орун алмашууларды канчалык деңгээлде билериңизди сынап көрүңүз.