MegaCom: "Онлайн-жардамчы" каалаган сурооңузга жооп берет

MegaCom`дун аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтарынын катарына "Онлайн-жардамчы" акысыз кызматы кирет. Кызматтын жардамы менен реалдуу убакыт режиминде тейлөө кызматтарына байланыштуу бардык суроолорго жооп ала аласыз.

Жаңы ыңгайлуу сервис убакытты үнөмдөөгө жана тарифтик пландар, кызматтар, байланыш түйүнү жеткиликтүү болгон аймак жана башка керектүү маалыматты тез аранын ичинде табууга жардам берет. "Онлайн-жардамчы" кызматынан мобилдик оператордун сайты аркылуу колдонуп, браузердин терезечеси аркылуу интерактивдүү баарлашуу жолу менен адистен кеп-кеңеш алууга болот. Кызматтын интерфейси жөнөкөй жана түшүнүүгө оңой.

MegaCom абоненттерди сапаттуу жана ыңгайлуу тейлөөгө өзгөчө көңүл бөлөт. Бул багытта жаңы технологиялар ишке киргизилип, абоненттик тейлөөгө байланышкан бардык операцияларды өз алдынча жана ыкчам ишке ашырууга болот. Кеп-кеңеш берүү кызматтарын онлайн-режимде көрсөтүү - бул абоненттерге маалымат берүүнүн кошумча мүмкүнчүлүгү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Krai
2016-10-28 20:39:42
Жакшы анда ... Жооп бергилечи Москва Бишкек билет канча болуп атат
+5
kubanaid
2016-10-28 22:54:44
азыр билбейм коп жылдан бери москвадамын. мурда мегаком озбек тилинде да тейлоочу аны алып салганбы эгерде албаган болсо биротоло тажик, турк, казак тилдерин да кошуп койгула.
+6
NooKeN_KG
2016-10-29 12:32:43
Окей Мегаком, Кыргыз өлкөсүнө качан татыктуу президент келет???
+6
volk9494
2016-10-29 12:43:24
тейлоо кызматтарына байланыштуу суроолорго деп атако е эл журт
-2
Patriotkgz93
2016-10-29 12:44:58
Ушуну жакшы кылыптыр. Эми бирааз интернетти арзандатса зыңк болот
-1
Rifle_I
2016-10-29 13:25:13
Ок megacom : мага toyota celica таап берчи, арзан болсо жакшы. Кара түстө.
+2
chon.alai.
2016-10-29 15:47:30
мегаком! о! пайдасынан зыяны коп билайн жакшы
+3
Khabib
2016-10-29 16:36:42
Биз Кыргыздар мегаком колдонушубуз керек анткени озубуздун фирма а билайн и О! орустуку казактыкы ошондуктан мегаком колдонгула
-1
Rifle_I
2016-10-29 17:01:57
Интернети жакшы болбой жатат. Мен мегаком колдоном деп иштетип көргөм.
0
talant87
2016-10-29 20:18:09
тоок биринчи жаралганбы же тукумбу кана ошка билайын мегаком тапкылачы
0
stal.ks
2016-10-29 21:43:19
*500го чалып 30мунотто да жооп бербей коюшту мегаком
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан