Бүгүн, 2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин күнү. 1926-жылы дал ушул күнү өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" аттуу драмасы коюлган. Ошол күндү эске алуу менен 2-ноябрда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип келет. SUPER.KG порталы маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт жана чыгармачылык ийгилик, түгөнгүс эргүү каалайт.
Бүгүнкү күндө саясатташып кеткен коомчулукта руханий баалуулуктарды жайылтып, маданиятты өнүктүрүү зарылчылыгы чоң. Төмөнкү тесттен өтүп, өзүңүздүн маданият тармагы боюнча билимиңизди текшерип көрүңүз.