Өлкөбүздөгү эң ири салык төлөөчү алтын кен ишканасы 2015-жылдагы отчётунда кандай иш алып барып жатканын ачык жазды. “Кумтөр Голд Компани” стратегиялык мааниге ээ, андыктан экономикалык көрсөткүчтөрүн талдадык.
Кыргыз Республикасында жылына 18-20 тонна алтын өндүрүлөрү жана анын эң чоң көлөмү “Кумтөргө” таандык экени маалым. Ал эми өткөн жылы өлкө экспортунда бул баалуу металлдын үлүшү 39,7 пайыз болгон. Отчётто айтылгандай, кен ишканасы былтыр 16 195,4 килограмм алтын өндүрүүгө жетишип, өнөр жай өндүрүшүнүн 22,5 пайызын, ички дүң өндүрүмүнүн 6,8 пайызын камсыздаган. Өлкө аймагындагы төлөмдөрдүн көлөмү 256 миллион долларды түзгөн. Муну менен компания ишке кирген 1994-жылдан 2015-жыл аралыгындагы төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2,96 миллиард долларга жеткенин белгилей кетели.
Андан ары улантсак, өткөн жылы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарларын сатып алууга жана кызматтарга 59,3 миллион доллар жумшалган. Атап айтканда, миллиондогон долларлар кен ишканасына 11 000 түрдүү аталыштагы продукция жеткирүү менен алектенген 600гө чукул жергиликтүү ишканалардын капчыгына түшкөн. Бул алардын бизнесин кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда.
Эми “Кумтөрдүн” өзүнө келсек, жыл соңуна карата штаттaгы Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 3741 адамды түзгөн. Бул кендеги туруктуу кызматкерлердин жалпы санынын 97 пайызына барабар жана көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 1 пайызга өскөн. Отчётто көрсөтүлгөндөй, компания былтыр кызматкерлеринин айлык акысына жана жеңилдиктерине 105 миллион доллардан ашык каражат жумшаган.