Кыргыздын улуттук суусундуктары өзүнүн кайталангыс даамы менен айырмаланып турат. Кыргыз катары кымызды жакшы билгениңиз менен, элибиздин айрым суусундуктарын билбей калышыңыз мүмкүн. Билбеген эмес, билүүгө умтулбаган - кемчилик. Эгер улуттук азыктар жаатында маалымат кампаңыз бөксө болсо, анда бул тест сиз үчүн пайдалуу болот. Ал эми "кеп эмес, баарын билем" дегендерди да төмөнкү тест электен өткөрөт.