Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум тынч жана ачык өтүп, жарандарга тоскоолдуктарсыз өз эркин билдирүү мүмкүндүгү берилди. Бул тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын башчысы Евгений Слобода билдирди.
Миссиянын курамында КМШ мамлекеттеринен келген 66 байкоочу болуп, өлкөдө алар ушул жылдын 30-ноябрынан бери иш жүргүзүшкөн.
"Бардык шайлоо тилкелери автоматтык жабдуулар менен жабдылып, аларда адискөй операторлор иштешти. Ал жабдуулардын пайдаланылгандыгына байланыштуу добуш берүү жараяны тынч жана ачык өттү", - деди ал.
Ал добуш берүүнүн жүрүшүндө техникалык мүчүлүштүктөр орун алып, андан улам шайлоо тилкелеринде адамдар топтолуп калган учурлар болгонун билдирди.
Айта кетсек, 11-декабрда өлкөдө жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана референдум өткөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өттү: КСДП, "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан".