Бишкекте баңгизатын колдонгон таксист кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-декабрь күнү 1982-жылы туулган У.Р. аттуу жарандын башкаруусундагы унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анда айдоочу кардары күтүп жатканын айтып, наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгы айдоочунун марихуана колдонгонун аныктаган.
Учурда административдик протокол түзүлүп, 10 миң сом айып салынды. Ошондой эле унаа каражаттарын айдоо укугунан ажыратылды.
Айта кетсек, 1982-жылы туулган У.Р. "Жорго" такси кызматында иштеп жүргөн.