Атамбаев Өзбекстандын автоунаа чыгарган заводунда болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзийоев 24-декабрда Самарканд шаарындагы "Man Auto-Uzbekistan" ишканасына барышты. Өлкө жетекчилери өзбек-немис биргелешкен ишканасынын иши менен таанышып, аталган заводдон чыгарылган техникаларды көрүштү. Текстиль жана автомобиль өндүрүшү боюнча көргөзмө уюштурулуп, Өзбекстанда өндүрүлгөн товарлар менен да таанышышканын билдирди президенттик аппараттын маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, Өзбекстандагы аталган завод МАN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунааларды, прицептерди, таштанды ташуучу, көчөгө суу чачуучу техникаларды чыгарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан