Мындан 9 жыл мурун, 2007-жылы 27-декабрда мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым, Пакистан Ислам Респбликасынын 17-премьер-министри Беназир Бхутто өлтүрүлгөн.
Ал президенттикке өтпөй калган соң шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык акциясын баштап, Равалпинди шаарында тарапташтары менен жолугушуу учурунда жан кечти-террорист тарабынан жардыруу жасалган. Террордук актыдан Б.Бхутто менен бирге 26дан ашуун киши курман болуп, 90 адам жаракат алган. Б.Бхуттонун өлүмүнө ошол кездеги президент Первез Мушарраф күнөөлөнгөн.
Б.Бхутто 1953-жылы 21-июнда Пакистандын Карачи шаарында туулган. Атасы Зулфикар Али Бхутто 1971-1977-жылдары Пакистандын президенти, андан соң премьер-министри болгон. Б.Бхутто Гарвард жана Оксфорд университеттеринде окуган. 1979-1984-жылдар аралыгында саясий куугунтукка туш болгон. 1984-жылы Англияга көчүп кетип, 1986-жылы кайра келип, атасы негиздеген Пакистан элдик партиясын жетектеген. 1988-жылы шайлоодо жеңишке жетишип, премьер-министр кызматына отурган. 1990-жылы кызматтан четтетилип, 1993-жылы кайра премьерликке келген. 1993-жылы анын бир тууганы Муртаза мекенине кайтып келип, партия жетекчилигин талашкан. Бирок ал "терроризмге катышы бар" деп айыпталып камалып, бир жылдан кийин бошотулган.
27-декабрга карата жылнаама.