КҮНСЕРЕП: Салянова өзү казышкан аңга өзү түштү

Бүгүн, 27-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку башкы прокурор, мурунку юстиция министри Аида Саляновага каршы Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду. Тактап айтканда, депутат айым "юстиция министри кезинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шектелүүдө. Аталган берене боюнча 5 миллион сомго чейин айып пул салынат же үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

Депутат өзүнө карата кылмыш ишин козгоого негиз жоктугун айтып, бул ишти саясый куугунтук катары баалады. "Лицензия мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен узартылган. "Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамда лицензияны узартпай коюуга бир да негиз болгон эмес. Бул кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ экени көрүнүп турат. Бул басым референдум боюнча позициямды ачык билдиргенден кийин күчөдү", - дейт Салянова. 25 жыл ичинде бийлик талаштан улам келип чыккан саясий куугунтуктардын аягы кандай бүтөрүнө элдин көзү жетип калды. Акаевдин бийлиги Феликс Куловду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп 7 жылга эркинен ажыраткан. Ушундай эле берене менен Бакиевдин бийлиги Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыраткан. Жыйынтыгында экөө тең акталып чыкты. Мыйзамдын коргоочусу катары көрүнгөн депутат айымдын атына көлөкө түшүргөн дагы окуялар жок эмес. Алсак, анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров "алдамчылык" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" кылмыштарына айыпталып, 7 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Депутат айымдын тууганы Калыбек Салянов 19 жаштагы кыз Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу алгач шектүү катары, кийин күбө катары суракка алынып, ал ишке бүгүнкүгө чейин чекит коюлбай келет.

Интернетте аз күн мурун Аида Салянова менен Жылдыз Мамбеталиеванын сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган. Эки айымдын ортосунда сөз Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы тууралуу жүрөт. 2010-жылы июнь айында Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткаруучу, Жылдыз Мамбеталиева анын орун басары болуп турган. Экөөнүн сүйлөшүүсүнөн улам лицензияны узартуу боюнча документтер Мамбеталиева тарабынан даярдалып, Салянованын кол койгону түшүнүктүү болот. Жылдыз Мамбеталиева кийинчерээк КСДПнын квотасы менен бул министрликти жетектеген. Ошентип, юстиция министри болгон эки айым тең ошол 2010-жылдын 28-июнунда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартпай коюуга негиз жок болчу, лицензияны узартуу мыйзамдуу болгон дешет. Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын пикири бул эки айымдыкынан кескин айырмаланат. Башкы прокуратура Саляновага карата кылмыш ишин 304-берене боюнча козгоду. "Коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" өңдүү беренелер оор кылмыш иштери деп саналып, мындайда депутаттык иммунитет жардам бербейт. Андыктан прокуратура кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартуу үчүн Салянованы кол тийбестиктен ажыратуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылган жок.

Кыргыз саясатында өзү казган орго кайра өзү түшүп калуу мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылдын ноябрында ошол кезде парламент депутаты Ахматбек Келдибековго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, ал кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Жогорку Кеңешке чакырылган ал кездеги башкы прокурор Аида Салянова: Депутат Ахматбек Келдибековго өтө оор кылмыш боюнча айып тагылгандыктан, аны кармоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган жокпуз”, - деген. Депутаттын кол тийбестик макамы Келдибековду сактай албагандай эле эми Саляновага да жардам бере албай калышы мүмкүн...

Чолпон Жакупова депутаттык мандаттан баш тартуу боюнча БШКга арыз жазды. Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын бул депутаты Коснтитуцияны 2020-жылга чейин өзгөртүү мыйзамсыз деп бийлик менен ачык күрөшкө чыккандардын бири эле. Депутат айым: “Эгер 11-декабрда референдум өтүп, Конституция өзгөртүлсө, депутаттык мандатымды тапшырам”, - деп жарыялаган.

Эл өкүлүн депутаттыктан кетпөөгө үндөгөндөр көп болду. Саясат таануучу Эмил Жураев Жакупова мандаттан баш тартуудагы аргументтердин бири катары Баш мыйзам өзгөртүлгөн соң легитимдүү эмес депутатка айланарын келтиргенин билдирет. Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышы 2010-жылы кабыл алынган Конституция боюнча ант берген. Бул жагынан алганда жалгыз эле Жакупова эмес, дегеле Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттардын баары легитимсиз болуп калышы керек. Андыктан учурда “парламентти таркатуу боюнча кол топтолуп жатканы” тууралуу сөздөр көп айтыла баштады. “Баш мыйзамга өзгөртүүлөр бийлик бутактары боюнча да киргизилди. Демек, бул парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылып, парламенттик шайлоо жарыяланышы керек” деген пикирдегилер, “жок, парламент таркатылбайт, мөөнөтү аяктагыча иштейт” дегендер да бар.

Учурда парламентти таратуу кимдерге кызык? Биринчи кезекте парламентке өтпөй калган күчтөргө, партияларга. Андыктан борттон сыртта калган саясатчылар бул теманы күчөтүүгө аракет кылышууда. Жогорку Кеңешке аз мандат менен келген “Ата Мекен” өңдүү оппоненттеринен кутулуш үчүн парламентти мөөнөтүнөн мурда таратып жиберүү бийлик төбөлдөрүнө да кызык. Бирок КСДПда учурдагы 38 мандатын азайтып алуу коркунучу жогору. Революциячыл партиялардын абалы 2010-жылдагыдай эместигин 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы көрсөттү. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев да бир нече ирет “парламент таркатылбайт, мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт” деп ишендирди.

"Парламент өзүн өзү таратышы мүмкүнбү?" деген да суроолор жаралууда. Мындай ишти жүзөгө ашат деп ишенүү кыйын. Депутаттарга мандат өтө кымбатка келет. Демек, бул маселе кабыргасынан коюлганда эл өкүлдөрү мандатынан айрылгандан көрө Өмүрбек Текебаевди ээрчип, президентке импичмент жарыялоону колдойбуз деп чыгышары мүмкүн. КСДПнын 38 мандаты мындайда көпчүлүктү түзө албай калат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан