Өмүрбек Бабанов депутат катары айына канча сом алары белгилүү болду

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун айлыгы 35 миң сом. Бул тууралуу ал өзү маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айлыктан тышкары иш сапарларга барууга 40 миң сом өлчөмүндөгү кошумча төлөмдөр бар. "Кеп айлыкта эмес. Адам өзүнүн кесиптик милдеттерин так аткарып, буга татыктуу акча алышы керек. Эгер чиновниктер өздөрүнүн милдеттерин мыкты аткарышса, алардын айлык маяналарын жогорулатуу зарыл", - деди Бабанов.

Мындан тышкары журналисттер Бабановдун президенттик шайлоого катышар-катышпасына кызыгышты. "Президенттикке талапкер ким болорун партия чечет. Бирок өлкө башчы мени президенттикке негизги талапкерлердин бири деп атаганы мен үчүн жагымдуу болду", - деп жооп берди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан