ЕАЭБ: Казакстан Кыргыз мамлекетине дароо 100 миллион доллар бербейт

Кыргыз Республикасында Евразиялык экономикалык биримдиктин талабына жооп бере турган лабораторияларды жана өткөрүү пункттарын курууга Казакстан жардам катары 100 миллион доллар берери белгилүү болгон. Тийиштүү келишимге 26-декабрда Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кол коюлган эле. Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче, бул акчанын баары бир учурда берилбейт. Алгач 7,5 миллион доллары гана берилери айтылды. 100 миллион доллар канча бөлүк менен берилерин, акыркы сумма кайсы учурда алынары маалымдалган жок.

Азыркы учурда кыргыз тараптын эт, сүт азыктары ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн рыногуна киргизилбей жатат. Казакстан чек арасынан ветеринардык көзөмөлүн албай жаткандыктан кыргыз фермерлери өндүргөн продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк боло элек. Өлкөдө ЕАЭБдин талабына ылайык лабораториялар курулуп, азыктардын коопсуздугу тастыктала баштаса, коңшулар ветеринардык көзөмөлүн алат деген үмүт бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан