"Кыргызстан" фракциясы парламенттин вице-спикери кызматына кимди сунуштай турганын чече элек

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясы вице-спикер кызматына кимди сунуштай турганын чече элек. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда SUPER.KG порталына фракция лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын айтымында, вице-спикерликке өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер болушу мүмкүн. "Биздин фракциядан вице-спикер кызматына татыктуулар көп. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин фракция жыйынында талапкерлерди карайбыз. Фракциянын ичинен ким көп добуш алса, аны вице-спикерликке сунуштамакчыбыз", - деди Баатырбеков.

Айта кетсек, 2016-жылдын 28-декабрында Нурбек Алимбеков ("Кыргызстан") Тайванга барганы үчүн Жогорку Кеңештин вице-спикерлигинен кеткен. Бул кызматка Алимбековдун фракциялаштары Азизбек Турсунбаевдин, Данияр Төлөновдун же Асылбек уулу Дамирбектин талапкерлиги көрсөтүлөрү айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан