Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") жаңы төрөлгөн ымыркайларга бир жылдын ичинде 30 000ден 50 000ге чейинки өлчөмдө социалдык жөлөк пул берүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Депутаттын айтымында, 2013-жылы 155 520 бала төрөлгөн, анын ичинен 3096 бала 1 жашка чыкпай чарчап калган. "Бул өтө кейиштүү көрсөткүч, 1000 баланын ичинен 20 бала 1 жашка чыкпай чарчап калып жатат. Ошондой эле жаңы төрөлгөн баладан баш тарткан учурлар кездешүүдө. Бул ымыркайдын энелеринин аны багууга мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан, өзгөчө жалгыз бой эне тарабынан жасалууда. Жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө жасалган жүрөк үшүн алган учурлар бар", - дейт Жумабеков.
Мындан тышкары ал Кыргыз Республикасынын айрым жарандары “Эне капиталын” алуу үчүн Орусияга барып төрөгөн учурлары бар экенин баса белгиледи. "Орусиянын аймагында төрөлгөн балдар ошол өлкөнүн жараны болуп калат. Эгерде биз азыр энелерди жана жаңы төрөлгөн балдарды колдоо жөнүндө ойлонбосок, Кыргыз мамлекетинин келечеги өтө кейиштүү болушу мүмкүн. Анткени мамлекет өзүнүн жаңы төрөлгөн жаранын камсыз кыла албагандыгы өтө кейиштүү көрүнүш", - деген пикирде депутат.
"Жаңы төрөлгөн ымыркайларга бир жылдын ичинде 30 000ден 50 000ге чейинки өлчөмдө социалдык жөлөк пул белгилөөнү зарыл деп эсептейм. Бул 1 жашка чейинки балага айына 2500-4166 сомду түзөт. Бул республикалык бюджеттен бир жылга 4,665 миллиард сомдон 7,776 миллиард сомго чейин талап кылат", - дейт депутат.