Бишкек шаарындагы Гагарин көчөсүн оңдоо иштери башталганын мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, аталган көчөнүн Фрунзе көчөсүнөн Муромск көчөсүнө чейинки бөлүгү бир айдын ичинде оңдолуп бүтөт. Ошондой эле Гагарин көчөсүнө түнкү жарык берүүчү чырактар орнотулуп, арыктар салынмакчы. Оңдоо иштерине байланыштуу көчөнүн аталган бөлүгү убактылуу жабык болот. Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.