Жогорку Кеңештин жыйыны акын Эгемберди Эрматовду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды

Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйыны белгилүү акын, парламенттин мурунку депутаты Эгемберди Эрматовду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Айта кетсек, Эрматов узакка созулган оорудан улам 23-январда көз жумган.

Эгемберди Эрматов 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 2013-жылдын апрель айынан 2016-жылдын ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеген.

Акын 2012-жылы "Супер-Инфо" гезитине маек куруп, өмүр жолу, чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу айтып берген эле. Эрматов 2003-жылы "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер", 2010-жылы "Кыргыз Эл акыны" наамдарын алган. Анын “Гүлдөй жан”, “Дасторкон”, “Биздин жолдор эки айрылыш”, ”Махабат жөнүндө баллада” жана башка ырларына обон чыгарылып, эл арасында ырдалып жүрөт.

Эрматов 1951-жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Пум айылында туулган. 3 уул, 1 кыздын атасы. Маркумдун сөөгү 25-январда туулган айылында жерге берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан