MegaCom эксперттери мобилдик интернетти колдонуунун ыңгайлуу жана үнөмдүү жолдору тууралуу

Смартфондордун саны көбөйүп, мобилдик интернетке болгон талап өсүп келүүдө. Ал эми бардык эле колдонуучулар кызматты колдонууга сарпталуучу чыгымдарын үнөмдөөгө боло тургандыгын биле беришпесе керек. Кеп мобилдик интернетке сарпталуучу каражатты үнөмдөө, мобилдик аппаратты тууралоо жана ыңгайлуу тарифти же опцияны тандоо тууралуу болмокчу. Анда эмесе, кеп кезеги MegaCom эксперттеринде.

  1. Интернет топтомдорун кошуңуз, анткени бул жерде «дүңүнөн арзан» деген принцип аракетте. «Күн-Түн» түркүмүнүн топтомдору – бул үч эсе пайдалуу: күндүзгү топтом, түнкү чектөөсүз интернет жана MegaCom`дун 4G түйүнүнө кошулууда күндүзгү трафиктин көлөмүндөгү бонус берилет. «Элдик» тарифтик планы – жогорку ылдамдыктагы интернет суткасына 24 саат бою, жана да мүнөттөр жана SMS-билдирүүлөр түрүндөгү бонус. Бул тариф жөнөкөй, ыңгайлуу жана үнөмдүү. Жүз миңдеген абоненттердин тандоосуна татыктуу болгондугу да бекеринен эместир.
  2. Мобилдик оператордун жаңы жана ыңгайлуу сунуштарын тандаңыз. «АР ДАЙЫМ интернет» тарифтик планы – бул көлөмү чектелбеген жана абоненттик төлөмсүз интернет.
  3. Сайттардын жана популярдуу социалдык түйүндөрдүн мобилдик версиясын колдонуңуз. Сайттын мобилдик версиясы дайыма жеңилирээк келет, ошондуктан тезирээк жүктөлөт жана мобилдик интернетти азыраак сарптайт.
  4. Браузериңизге трафикти үнөмдөө режимин коюп алыңыз.
  5. Смартфонуңуздун программалык камсыздоосун жана орнотулган колдонмолордун версияларын байма-бай жаңыртып туруңуз, себеби аларды иштеп чыгуучулар трафикти көзөмөлдөө жана каражаттарды үнөмдөө боюнча жаңы чечимдерди сунуштап турушат.
  6. Трафикти керектөөнүн лимиттери жана белгиленген чекке жеткендиги тууралуу маалымдоону алып турууну алууну каалайсызбы? Муну мобилдик телефондун тууралоосуна кирип ишке ашырууга болот.
  7. Сиз сейрек колдонгон колдонмолордун «маалымат алмашуунун фондук режимин» өчүрүңүз.
  8. Жаңыланган колдонмолорду Wi-Fi аркылуу гана көчүрүңүз.
  9. Wi-Fi менен колдонуп жаткан учурда мобилдик интернетиңизди өчүрүп коюуну эсиңизден чыгарбаңыз.

MegaCom компаниясы байланыш кызматтарын көрсөтүүдө кыйынчылыктар болгон учурда, абоненттерин маалыматтык жактан колдоого жана ыкчам жардам берүүгө ар дайым даяр. *500 кызматынын, Сатуу жана тейлөө борборлорунун жана Фирмалык салондордун адистери сизге кеп-кеңеш берип жана суроолоруңузга жооп беришет. Мындан тышкары «SMS-кеңешчи» кызматы боюнча сизди кызыктырган суроо боюнча акысыз SMS-билдирүү жөнөтсөңүз да болот. Ошондой эле «Онлайн-жардамчы» сервисинен да колдоно аласыз. Аталган кызмат компаниянын расмий сайтында суткасына 24 саат бою сиздин кызматыңызда.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
baltabai
2017-01-27 13:19:33
Oto soongo mekagom
-1
azatbek19995
2017-01-27 15:11:59
элдик тариф баары жакшы экен бирок mbтугонгондон кийин балансты иштетип салганы жакпады 0! менин beeline да гыдыай кылса жакшы болмок
+2
Мэри
2017-01-27 21:31:38
Интернет топтомдорун абайлап колдонгула, айдын аягында 10 000, 9 000 төлөп каласыңар. Бизде жумушта эки баланыкы ушундай болду. Же эскертип коюшпайт экен.
+7
Kroxa
2017-01-28 10:22:25
Айиий бир айда 10минби?
+1
Genar.benicio
2017-01-28 12:34:45
Реклама жакшы экен! Бирок, Wi-Fi эле колдонгула!
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-01-28 13:56:45
Мага жакпайт
+2
din_tomas
2017-01-28 14:48:49
Биздин айылга 3G коюп берсе элдин баары мегаком которуп калат эле
+3
molniya77
2017-01-28 18:52:12
din_tomas,сиз кайсыл жерден болосуз койуп берейли
-2
Anarik87
2017-01-29 00:03:36
Биздин айылда да 3G жок . ошка, вeeline,мегакомго чала берип, сурана берип айлабыз кетти планда жок дей беришет экен
0
Joomartbek
2017-01-30 12:19:53
3G деле кыйратып иштебейт..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан