Кечээ, 28-апрелде Чүй облусундагы №19-түзөтүү абагында Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тарабынан тинтүү иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын максаты - камалгандардан тыюу салынган буюмдарды алуу болуп саналды. Маалыматка ылайык, тинтүү жүргүзүү үчүн борбордук аппараттын кызматкерлери тартылган. Анда камакта отургандардан 1518 сом акча, 61 даана уюлдук телефон, 1,5 литр спирт ичимдиктери жана башка колдонууга тыюу салынган буюмдар табылган. Учурда аталган маалыматтар боюнча кызматтык текшерүүлөр жүрүүдө.