Панкратов өлкөнүн азыктарын Орусияга ташып өткөрүүгө Казакстан тыюу салгандыгы жөнүндөгү маалыматты четке какты

Вице-премьер-министр Олег Панкратов ветеринардык көзөмөлдөн өтпөгөн Кыргыз мамлекетинин сүт жана эт азыктарын Орусияга ташып өткөрүүгө Казакстан тыюу салгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда өткөн жыйында айтты.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматы тарабынан заманбап системди түзүүдө жакшы иштер жасалган.

“Кыргыз Республикасынын сатып өткөрүү рыногу Орусия болгондуктан, Казакстан аркылуу транзит маселеси жаралууда. 2017-жылы январда биз Казакстандын айыл чарба министринин орун басарынан транзит эрежесин билдирген кат алганбыз. Андан соң биз транзит канчалык деңгээлде ишке ашарын сурап Казакстанга кат жөнөтүп, Тышкы иштер министрлиги аркылуу транзит боло турганын билдирген жооп алганбыз”, - деди Панкратов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан